Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев мурун кайсы жерлерде иштеген? (өмүр баяны)
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 1965-жылдын 19-августунда Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында төрөлгөн. 1987-жылы Томск шаарындагы инженердик-курулуш институтун “инженер-куруучу” адистиги боюнча аяктаган.
2010-жылы Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин “бухгалтериялык эсеп, талдоо жана аудит” адистиги боюнча аяктаган. Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.
Эмгек жолу:
1987-1988-жылдары – Ново-Покровка Ремонттук-куруу башкармалыгында куруучу;
1988-1994-жылдары – "Ошагропромкуруу" бирикмесинин инженери;
1996-2005-жылдары - "Кызмат" коомунун аткаруучу директору;
2006 - жылдары - "Кызмат" коомунун директору;
2006-2008-жылдары «Кабар» Кыргыз улуттук маалымат агенттигинин башкы адиси;
2008-2011-жылдары - Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде жетекчилик кызматта иштеген;
2011-2013-жылдары - Борбордук Азиядагы Америка Университетинин кеңешчилер тобунун жетекчиси;
2013-2014-жылдары - “Альфа-Телеком” жабык акционердик коомунун Курулуш жана энергетиканы координациялоо бөлүмүнүн жетекчиси;
2014-2015-жылдары - “Альфа-Телеком» жабык акционердик коомунун Курулуш жана энергетика департаментинин жетекчиси;
2015-2017-жылдары - Борбордук Азиядагы Америка Университетинин Курулуш департаментинин жетекчиси;
2020 - жылдын 14-октябрынан тартып Өзгөчө кырдаалдар министри.




1 |