super.kg logo

"Мен тубаса ушундай жаралган адаммын". Оозу менен сүрөт тарткан казакстандык сүрөтчү кыз

 

Тубаса шал оорусу менен төрөлгөн казак кызы Аяжан Жуатай оозу менен сүрөт тартып көпчүлүктү таң калтырып келет. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Сүрөтчү кыз Казакстандын Жамбыл облусунун Каратоо шаарында жашайт. Ал 24 жашта. Бир нече республикалык, облустук сүрөтчүлүк боюнча конкурстардын жеңүүчүсү. Аяжан сүрөтчүлүктөн сырткары, кездеме токуу менен да алектенет.

"Мен тубаса ушундай жаралган адаммын. Бирок тагдырыма эч качан наалыган эмесмин. Себеби эки колум менен эки бутум иштебесе да, угуу, көрүү сезимдерим абдан жакшы. Күн бою жөн эле жата бербей сүрөт тартуу, кездеме токуу менен алектенем. Андан сырткары акын-жазуучулардын китептерин окуганды жакшы көрөм. Орундалбай турган орунсуз ойлордон алысмын. Мен үчүн аткан таң менен баткан күндү, апамдын жүзүн көрө алганым өзү чоң бакыт. Эң башкысы элибиз ааламга тараган илдеттен аман чыкса. Адамдар ден соолуктун кадырын билип, акча менен да ала албай турган нерселер бар экенин түшүнүшсө", - дейт Аяжан Жуатай.

Ошондой эле сүрөтчү кыз эмнегедир түн ичинде сүрөт тартууну жактыра турганын кошумчалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
06.02.2021. 03:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азамат экенсиң!
06.02.2021. 06:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Колу буту иштеп кетсин Алла шыпасын берип.
06.02.2021. 08:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баарына шүгүр дешибиз керек.Мындай алып карасаң кичүү адамдар чоңдорго үлгүү болуп бараткансыйт.
06.02.2021. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын!
06.02.2021. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тенири ден соолук берсин
06.02.2021. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акылдуу кыз экен. Сакайып кет. Бактылуу бол
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: