super.kg logo

"Кызганычтан улам". Орусияда Кыргыз кызын бычактаганга шектелип 23 жаштагы жаран кармалды

 

Орусияда Кыргыз кызын бычактаганга шектелген жаран кармалды. Шектүү 23 жаштагы Кыргыз жараны дешет ИИМдин басма сөз кызматынан.

"Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө 5-февралда шектүү жаран кармалып, полиция бөлүмүнө жеткирилди. Ал 23 жаштагы И.Р. аттуу Кыргыз жараны экени аныкталды. Шектүү делген жаран өз көрсөтмөсүндө жасаган кылмышын моюнуна алып, бул ишке кызганычтан улам барганын айткан.

Учурда бардык тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - дешти министрликтин басма сөз кызматынан.

Кечээ, 4-февралда социалдык тармакка жарадар болуп жаткан кыздын сүрөтү жарыяланып, анын каза болгону айтылган. Андагы маалымат боюнча, окуя Орусияда орун алган. Интернет желесине тарап жаткан сүрөт жана маалымат боюнча Ички иштер министрлиги билдирүү жасап, жабырлануучу каза болбогонун, ал ооруканада жатканын кабарлашкан. Ошондой эле кылмышка шектүүнү аныктоо жана кармоо иштери жүргүзүлүп жатканын айтышкан.

Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан жабырлануучуга операция жасалганын, анын жанында ата-энеси бар экенин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(6)
05.02.2021. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Түрмөдөгүлөр сазайыңды берсин.Эчкиникиндей сакалыңды жулуп бир жериңе тыгышса экен.
Jelezo түзөттү 2021-02-05 16:10:30
05.02.2021. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кыздарга ыйманды уйротконду коюп кыздарды олтуруп, басмырлап жаткан эркектерге ыйман уйротуп алгыла. Жашоосуна, тагдырына нааразы болгон эркектер, аялдарга адеп-ахлах уйрото баштайт. Мындай эркектер табиятынан эки жуздуу болушат.
erik3 түзөттү 2021-02-05 16:46:25
05.02.2021. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кызгангандын балекетин аласынбы озун мигрант болуп журуп кок мээ иштеп акча таап ата энендин бакпайсынбы
05.02.2021. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кебетесине караганда озбек окшойтко
05.02.2021. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
[moderated] го кыргыз кыздарына ыйман берсин,силерге кыргыз жигиттери гана күйөт, оруссияда орус, хач, менен жашасаң да келип келип кыргызга күйөөгө чыгасың, мындай окуялардын көбүн көрдүм
05.02.2021. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өзбөк менен неге сүйлөшөт дейм да, Россияда боло берет деди бекен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: