super.kg logo

"Тулпар" тиркемесинде автобус жана троллейбус каттамдары тууралуу кабардар болууга болот

 

"Тулпар" тиркемесинде эми автобус жана троллейбус каттамдары тууралуу кабардар болууга болот. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиркеме аркылуу автобустарды жана троллейбустарды реалдуу убакыт ичинде көзөмөлдөп, алдын ала каттамдарды пландаштырууга болот.

"Коомдук транспорттордун жүрүшүнө көзөмөл кылуу үчүн алгач "Тулпар" тиркемесин жүктөп, жеке кабинет түзүп, андан соң маршруттар бөлүмүнө кирип, керектүү номер тандап алса болот. Көрсөтүлгөн сандар аймакта аялдамалардын санын көрсөтөт", - деп жазылат маалыматта.

Мындан сырткары аталган тиркеме бул аптада ишке киргенин, ошондой эле бир нече мүчүлүштүктөрдүн үстүндө иштеп жаткандыгын кошумчалап өтүштү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: