super.kg logo

Өкмөттүн Баткендеги өкүлү: "Төрт-Гүл каналы Кыргыз өлкөсүнө тийиштүү, ал башка мамлекетке өтүп кетүүсү мүмкүн эмес"

 

Төрт-Гүл каналы Кыргызстанга тийиштүү, ал башка мамлекетке өтүп кетүүсү мүмкүн эмес жана ага жол берилбейт.

Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов бүгүн, 5-февралда Баткен шаарындагы борбордук мечитте аксакалдар менен жолуккан учурда билдиргенин мекеменин маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү эл акыркы күндөрү талкуу болуп жаткан Төрт-Гүл каналы боюнча суроо узатышкан. Ыйгарым укуктуу өкүл өз сөзүндө Төрт-Гүл суу сактагычына келген Төрт-Гүл каналы толугу менен Кыргыз өлкөсүнө тийиштүү экенин айткан.

"19 чакырым болгон канал Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдан башталып, Төрт-Гүл суу сактагычына чейин Кыргыз өлкөсүнүн аймагы аркылуу агып келет. Аталган каналдын башы, башкы суу бөлүштүрүүчү жай, стратегиялык өзгөчө маанилүү объект болгондуктан күнү-түнү Кыргыз өлкөсүнүн ички аскерлери тарабынан кайтарылып турат. Бул объект башка мамлекеттин карамагына өтүп кетүүсү мүмкүн эмес жана ага жол берилбейт", - деген өкүл.

Ошондой эле жалпы элди сабырдуулукка, ынтымакка чакырып, ал эми чек ара маселеси ачык айкын, эл менен биргеликте, макулдашуу жана тынчтык жолу менен чечилерин баса белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.02.2021. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жашыргыла, ким эле саттык деп айтат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: