Тилек Токтогазиевдин ордуна келген айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун өмүр баяны
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков 1964-жылдын 27-февралында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Тепке айылында туулган. 1986-жылы Кыргыз айыл чарба институтун аяктаган.
Эмгек жолу:
1980-жылы – “Ысык-Көл” совхозунун курулуш цехинде жумушчу;
1981-1986-жылдары - Кыргыз айыл чарба институтунун студенти;
1986-1987-жылдары - “Ысык-Көл” совхозунун агроному;
1987-1989-жылдары - “Ысык-Көл” совхозунун башкы гидротехниги;
1989-1996-жылдары - “Жыргалаң” совхозунун башкы агроному;
1996-2003-жылдары - Ак-Суу райондук суу чарбасынын начальниги;
2003-2004-жылдары - Ысык-Көл облустук мамадминистрациясынын башчысынын орун басары;
2004-2005-жылдары - “Рейна Кенч” асыл тукум чарбасынын төрагасы;
2005-2011-жылдары- “Шумкар ЫККФ” ААК башкы директорунун орун басары, башкы директору;
2011-2012-жылдары - “Рейна Кенч” агрокомплексинин башкы директору;
2012-жылдары - Айыл чарба жана мелиорация министри;
2013-жылдары – өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
2015-2021-жылдары - "Рейна Кенч" агрокомплексинин жетекчиси.




1 |