super.kg logo

"Кечирип кой" ырын созолонто ырдап интернет жылдызына айланган Байзакка ырчы Кенже Көбөкова белек берди

 

13 жаштагы Байзак Кубанычбек уулу төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин сөзү, обонуна таандык “Кечирип кой” ырын аткарып интернет жылдызына айланды. Элдин алкоосуна арзып, сүймөнчүк болуп жаткан өспүрүм SUPER.KG порталына апасы менен маек курду.

Андан кийин ырчы Кенже Көбөкова жаш жылдыз менен жолугуп, ага өзүнүн белегин тартуу кылды.

"Байзак иниме жолуктум, аябай азамат бала экен, үнүндө сөз жок. Өзүңүздөр билгендей, жолуксам колунан кармап, белегимди берейин дегем. Заманыбыздын залкары Замирбек Үсөнбаев агайыбыздын "Кечирип кой" чыгармасын мыкты деңгээлде ырдап кыргыз элинин алкышына ээ болду.

Сиз ырдаган ырларды ырдайм деп, балалык баёо сезими менен жүрөктү элжиретти. Дагы көптөгөн элдик чыгармаларды да мыкты ырдайт экен. Ушундай таланттарыбыз өсө берсин. Кеп-кеңеш жакшы каалоо тилектеримди айтып, чын дилимден комуз белек кылдым",- дейт ырчы.

Ошондой эле Кенже Көбөкова чыгармачыл адамга биринчи кезекте моралдык колдоо керек экенин айтып, Байзактын ата-энесине өмүр тиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 15 
Комментарийлер(1)
06.02.2021. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик сага иним Байзак. Орконун осо берсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: