super.kg logo

Токмокто "Точка" каймана аты менен жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

 
Токмок шаарынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалып, жанынан “Макаров” тапанчасы жана октору алынды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери тарабынан Токмок шаарынын жашоочусунун бири мыйзамсыз ок атуучу курал сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат алышкан.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 253-берене "Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
"Издөө иш-чараларынын натыйжасында кечээ, 4-февраль күнү Токмок шаарынан 1975-жылы туулган А.Б. аттуу жаран кармалган. Кароо жүргүзүү учурунда жанынан номери өчүрүлгөн “Макаров” үлгүсүндөгү тапанча, 5 огу жана колго жасалган бычак алынган.
Кармалган жаран мурда бир нече жолу соттолуп, "Точка" каймана аты менен аталып, крим чөйрөдө "смотрящий" жана "положенец" статусуна ээ болуп, ИИМдин алдын алуу боюнча каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турганы аныкталган.
Белгилей кетсек, кармалган жаран буга чейин тоноо, уурдоо, опузалап талап кылуу жана мыйзамсыз баңгизатын сактоо беренелери менен бир нече жолу соттолгон. Учурда Токмок шаарынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды", - деп жазылат маалыматта.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
05.02.2021. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Точка
05.02.2021. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Үтүр болуптур да эми.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: