super.kg logo

"Айткан сөзү үчүн премьер-министр түшүндүрмө берсин". Баткенде жергиликтүү тургундар митингге чыгышты

 

Баткен облусундагы өкмөттүн өкүлчүлүгүнүн алдына жергиликтүү тургундар чогулуп, Төрт-Гүл суу сактагычы жана башка бир катар көйгөйлөрдү айтышты.

Алардын айтымына караганда, премьер-министр Улукбек Марипов Төрт-Гүл суу сактагычы боюнча айтып жатканда 120 депутаттын эч бири ага карата пикирин айтпагандыгы тургундарды нааразы кылган.

"Биздин премьер-министрибиз мамлекеттик трибунада туруп алып, ошол жер Тажикстанга өтүп кетти деп моюнга алганы биздин мамлекеттин саясатынын алсыздыгынан кабар бербейби? Айткан сөзүнө премьер-министр түшүндүрмө берип өтсүн", - деген митингге чыккандардын бири.

Эске салсак, премьер-министр Улукбек Марипов Жогорку Кеңештин жыйынында Төрт-Гүл суу сактагычы тууралуу айтып жатып, каналдын башы өтүп кеткенин айткан. Андан соң Депутат Тазабек Икрамов Төрт-Гүл суу сактагычы тууралуу маалымат берилиши керек деген маселени көтөрүп чыккан.

Аталган маселе боюнча өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү түшүндүрмө берген.

Мындан сырткары нааразычылык акциясына чыккан тараптар башка дагы актуалдуу көйгөйлөргө токтолуп өтүштү.

"Аксай жана Капчыгай айылдары Кыргыз өлкөсүнө киреби? Өзүңүздөр билгендей, Капчыгайга көпүрө курулуп жаткан. Иш токтоп калды. Тажикстандан келишип, көпүрөнүн курулуш иштерин токтотуп койду. Бул аймактар Кыргыз өлкөсүнүн курамында турса эмне үчүн биз Тажикстанга баш ийебиз? Анан буга күйүп кетесиң да. Ал көпүрө иши качан бүтөт?" - деди Аксай айылынын тургуну.

"Ал жерде чындыгында финансы маселеси болгон. Биз бул маселени койгонбуз. Шайлоо өтсүн, каржы маселеси тартыш болуп жатат деп токтотулган", - деди өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жаныбек Жалалов.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(1)
05.02.2021. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошол каналдын башы Кыргызстандыкы беш алты жыл мурун талашып ок чыккан эки жактан тең аягы границаны 8 айга жаап кийин ачып жиберишкен мындан 7-8 жыл мурун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: