super.kg logo
  Саясат  

Артём Новиков “Жер-Үй” алтын кени боюнча жыйынга катышты

 

Бүгүн, 5-февралда Таласта “Жер-Үй” алтын кени боюнча жыйын болуп, ага өкмөт өкүлдөрү жана компаниянын өкүлдөрү катышты.

Жыйынга келген жарандар алтын-кен ишканасында мамлекеттин үлүшү болбой калышына себепкер болгон ошол кездеги өкмөттүн жетекчилерин жоопко тартылышын, кеминде 50 пайыз үлүшүн кошуу сыяктуу талаптарын бийликке коюшту.

Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков атайын оюн жеринен угуу үчүн Таласка келгенин билдирди.

“Биз сиздердин бул аянтчага конок катары суранып, өзүбүз келдик. Себеби өкмөт жергиликтүү элдин пикири менен эсептешет. Кийинки аптада биз алтын кен жайгашкан аймакка дагы барып, дыкат текшерип чыгууга даярбыз”, - деди ал. Новиков алтын кенди жаап салыш керек деген талаптарга мындайча жооп берди. “Алтын өндүрүүгө аракет кылган инвесторду кууп, “кенди жаап салышыбыз керек” деп жатасыңар, бирок андай кыла турган болсок өзүбүздүн эле мекендештер жумушсуз калат. Инвесторго компенсация төлөш керек болот. Андыктан алгач бардык экологиялык экспертизаларды жасап алалы. Биздин комиссияга сиздердин дагы өкүлдү кошобуз, корутундуну сиздер менен чогуу жасайбыз”, - деди биринчи вице-премьер-министр.

Дал ушундай өңүттөгү жыйын мындан бир жыл мурун Талас шаарында болгон. Анда Жер-Үй алтын кенин көзөмөлдөө үчүн уюшулган “Элдик комиссиянын” төрагасы Айбек Бузурманкулов (азыр өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү) жарандык активист болуп жүргөн кезде Бузурманкулов “Жер-Үйдө” мамлекеттин 50 пайыз үлүшү болуш керек деген ойдо болчу. Бүгүн ал элге мурунку позициясында экенин айтты. “Жер-Үй” маселесин көтөрүп жүргөндө мени сабаган, камаган дагы күндөр болду. Бирок мен азыр Жер-Үй кенинде мамлекеттин кызыкчылыгы болуш керек деген позицияда аягына чейин турам”, - деди ал.

Жыйынды уюштуруучулардын бири Күнболот Момонкулов: “Биз жыйындын соңуна бийликке 5 талап койдук. Алардын негизгиси Жер-Үй кени ачык-айкын иштеп, мамлекеттин үлүшү кеминде 50 пайыз түзүшү керек. 2015-жылы Жер-Үйдө мамлекеттин үлүшү болбой калышына себепкер болгон кыргыз бийлигиндеги тийиштүү жетекчилер жоопкерчиликке тартылып, өкмөт жаңы сунуштар менен элге келиши керек”, - деди Момонкулов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: