super.kg logo

Бишкекте таксист дүкөндөн суу алып чыккыча кардары телефонун уурдай качкан. Шектүү кармалды

 

Бишкекте акча жана чөнтөк телефон уурдаган шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-январь күнү болжол менен саат 06:25 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына Кызыл-Аскердеги кичи маркеттердин биринде токтоп турган унаадан чөнтөк телефон жана акча уурдап кетти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1998-жылы туулган У.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда арыз ээси такси кызматында иштеп жүрүп, өзүнүн кардары кичи маркеттердин биринен суу алып берүүнү өтүнгөн. Таксист кичи маркеттен суу алып чыкканча, кардары унаадагы чөнтөк телефонун жана 1500 өлчөмүндөгү акчасын алып, башка унаа менен белгисиз тарапка качып кеткен.

Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары М.М. аттуу жаранды кармашып, Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.02.2021. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шакал
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: