super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы катышкан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

 

Премьер-министр Улукбек Марипов катышкан Алматы шаарындагы (Казакстан Республикасы) Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген форматтагы жыйынында кол коюлган документтердин тизмеси:

- "2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 40-беренесине ылайык, Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагындагы жооп кайтаруу чараларын пайдалануу механизми жөнүндө маселе боюнча баяндама тууралуу" маселеси алкагындагы тапшырма;

- "Евразия экономикалык бирлигине мүчө өлкөлөрдүн деңиз өткөрүү пункттарындагы электрондук документ жүгүртүүнү өнүктүрүү концепциясы жөнүндө" чечим;

- "Евразия экономикалык бирлигине мүчө өлкөлөрдө жүргүзүлүп жаткан асыл тукум мал чарбачылыгы жаатындагы селекциялык асыл тукум иштерин координациялоо жана аналитикалык камсыздоо тартибин бекитүү жөнүндө" чечим;

- "Евразия экономикалык бирлигине мүчө өлкөлөрдөгү макроэкономикалык абал жана туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыздоо боюнча сунуштар тууралуу" буйрук;

- "Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын мүчөсүнүн талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө" буйрук;

- "Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү орду жана убактысы жөнүндө" буйрук.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: