super.kg logo

Көзү ачыктык кылам деп 340 миң рубль жана 100 доллар алган. Чүйдө алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы аял кармалды

 

Чүй облусунда алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, кармалган жаранга карата 2020-жылы Жайыл районунун жашоочусу милицияга арыз менен кайрылган.

"Жабырлануучу 2019-жылдын март айынын башында жарнамадан көзү ачыктын байланыш телефондорун көрүп, ага байланышкан. Арыздануучунун бардык көйгөйүн угуп, алсыздыгынан пайдаланып анын башын айлантып, 340 миң рубль жана 100 долларын алып из жашырып кеткенин билдирген.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында жогорудагы аялга издөө жарыяланган.

Шектүү делинип 1978-жылы туулган С.Е. аттуу аял армалып, Жайыл РИИБинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Анын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги текшерилүүдө. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилеп кетүүчү жагдай, кылмышка шектелип кармалган аял буга чейин ИИМдин алдын алуу боюнча атайын каттоосунда баңгизат боюнча уюшкан кылмыштуу топторго мүчө катары турганы маалым болгон.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
05.02.2021. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ошол учун кудайдан башкасына ишебеш керек
05.02.2021. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
дагы барсан козу ачыктарга бар дагы бар дагы
05.02.2021. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул козу ачыктардын рекламасы дагы укмуш:жол ачабыз кайтарма кылабыз бироону суйдуруп беребиз дагы торобогондорду торотобуз деп озунун ошончо онору болсо озунун жолун ачып албайт беле колудан к....к келбегенден ошентип отурушат да ар жерлерде
05.02.2021. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ачыгын айтканда барган адам озу мал адам екен мал емес кой дейличи тоодон тушкон торпок екенсин рубил бергенине кпраганда россияда иштецсинго бир бар ушунча ишенсен 10000 мин бер 340мин деген чон акчаго озун торпоксун анан даттанасын 5 мин бер 20 мин бер резултат чыкпайбы токтотда ушунча тупой адамга жанын кейип кетет
05.02.2021. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Көзү эмес башка жагы ачык болсо да барбагыла туугандар. Ал сенин проблеманды угуп кайра бир аз башкача кылып өзүңө айтып урдура берет.
06.02.2021. 06:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Цыгандар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: