super.kg logo

Жогорку Сот: "Акыркы учурда УКМКнын тараткан маалыматтары сот тутумуна болгон ишенимге доо кетирип жатат"

 

Жогорку Сот акыркы учурда УКМКнын сот бийлигинин өкүлдөрү мыйзамсыз иш-аракеттерди жасады деп айыптаган маалыматтары боюнча билдирүү жасады.

Анда айтылгандай, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин сот бийлигинин өкүлдөрүн фактылар менен тастыкталбаган мыйзамсыз иш-аракеттерге айыптап жатканы сот тутумунун ишенимине доо кетирди.

"Чындыгында, 2020-жылдын февраль айында Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева соттолуучуга карата этикага сыйбаган жүрүм-туруму боюнча Свердлов райондук сотунун судьясына карата тартип комиссиясына сунуш киргизген. Судьянын видеосу социалдык тармакка жарыяланып, колдонуучулар арасында кызуу талкуу жараткан. Бул учурда Жогорку Соттун төрайымы мыйзамдын чегинде катуу иш алып барган.

Гүлбара Калиева Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы катышкан сот отурумундагы видеонун жайылып кетиши боюнча комиссия түзгөн. Комиссиянын тыянагына ылайык, социалдык тармакка жарыяланган видео түз алып көрсөтүү аркылуу тарап кеткен.

Техникалык адистердин корутундусу боюнча, видео уруксатсыз кирүүнүн изин таба албаган эки жерден алганга мүмкүн дешкен. Ошол эле учурда адистер И.Ж.Б.нын кеңсесинен далилдерди таба алышкан эмес. Ошондуктан эки башка мазмундагы жана мүнөздөгү маселени аралаштыруу аракети Жогорку Соттун төрайымы кызматтык иликтөөнүн материалдарын жашырды деген билдирүү негизсиз", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
05.02.2021. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
И так эле сотторго ишенич жок да. Сот ишенимине доо кетирип атат дегенде тутойсун да тим эле.
05.02.2021. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сотторго иштеп турган президент деле ишенбейт эл таптакыр.
06.02.2021. 04:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыскасы Калиева турмого даярдана бер да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: