Ошто улар канаттуусун мыйзамсыз аткан жаранга 19 миң сомго чукул айып пул салынды
Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн Бөрү айылынын тургуну О.Ж. бир баш улар канаттуусун сатуу максатында атып келген жеринен кармалды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан билдиришти.
"Тиешелүү уруксат кагаздары жок, мыйзамсыз аң уулоого чыгып, бир баш улар канаттуусун аткандыгы үчүн О.Ж`га жалпысынан 18 миң 500 сом айып салынды", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.