super.kg logo
  Саясат  

Жети-Өгүз: Митингчилер менен расмий өкүлдөр сүйлөшүү үчүн райадминистрациянын имаратына киришти

 
Расмий өкүлдөр митингге чыккандар менен сүйлөшүү үчүн Кызыл-Суу райондук администрациянын имаратына киришти. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Жанат Туратбеков билдирди. Митингди уюштуруп жаткандардын атынан Анаркүл Сыдыкова сүйлөшүүлөргө катышып жатат. Жолугуунун жүрүшүндө  Кызыл-Суу районунун акиминин милдетин аткаруучу Беккубат Иманкожоев баш болгон райондук жетекчилик Саруу айылына барып, эл менен жолугушмай болушту.  ИИМдин басма сөз кызматынан: "Митинг болуп жаткан жерге жергиликтүү башкармалыктын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн барышты. Алар митингди тынч, мыйзам бузууларга жол бербей өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт",-деп кабарлашты.   





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: