Кытай коронавируска каршы вакцинаны Кыргыз өлкөсүнө акысыз бере турган болду
Кытай мамлекети COVID-19га каршы кытай вакцинасын Кыргыз өлкөсүнө акысыз берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу 5-февралда Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Кытай мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы элчиси Ду Дэвэньдин жолугушуусунда маалым болду.
"Элчи Ду Дэвэнь биринчилерден болуп Кыргыз өлкөсүнө COVID-19га каршы кытай вакцинасын бекер берүү чечими эки мамлекетинин ортосундагы өзгөчө мамилелерди эске алуу менен кабыл алынганын айтты. Вакциналарды жеткирүү боюнча техникалык маселелер тараптартын ортосунда жакынкы убакытта макулдашылат".
Ошондой эле Ду Дэвэнь Кытайдын тышкы иштер министри Ван И мырзанын Руслан Казакбаевге министр болуп дайындалгандыгына байланыштуу куттуктоо катын тапшырды.
"Министр өз кезегинде, айтылган куттуктоолору үчүн Ван И мырзага, ошондой эле вакцина түрүндө көрсөтүлүп жаткан жардам үчүн Кытайдын өкмөтүнө ыраазычылыгын билдирди. Бул эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн көрүнүктүү далили болуп саналат", - айтылат билдирүүдө.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз-Кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча кеңири пикир алмашылды, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
-2

Туура. Кыргыз мамлекети Афганистан же Сирия, африка олколорун тенелип калдык. Анткени бизде билим системасы томон, ар кайсы мифтерге, догматикалык тушунукторго ишенебиз, жаны баалулуктарды кабыл алганды билбейбиз, эски тушунуктор менен жашайбыз. Мунун баары жакырчылыка алып барып жатат.