super.kg logo

Анжелика балдак менен басып баштайт. Ырчынын кичүү кызы ооруканадан чыкса, улуу кызына операция жасалды

 

Кыздары, курбулары менен жол кырсыгына кабылган ырчы Анжелика эки айга чейин балдак менен жүрөт. Бул тууралуу Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору, академик Сабырбек Жумабеков билдирди.

"Анжеликанын бел омурткасы, балтыр сөөгүнө эки апта мурда операция жасалган. Бүгүнкү күндө абалы жакшы. Азыр басканга уруксат бердик, сөөктөрү калыбына келгенче 2 айга чейин балдак менен басат. Ал эми кичүү кызынын эки санына операция жасалган. Абалы канааттандырарлык болуп үйүнө чыгарылды.

Улуу кызы буга чейин жеке менчик ооруканада жаткан. Ал биздин ооруканага которулуп, кечээ, 5-февралда моюн омурткасына операция жасалды. Анын моюну сынып, жүлүнү кысылып, бир буту менен бир колу иштебей калыптыр. Бүгүн абалы менен тааныштым, жакшы", - деди Жумабеков.

Ырчы жана анын кызы бир аптадан кийин ооруканадан чыгарылышы мүмкүн.

Эске салсак, Анжелика 23-январда жол кырсыгына кабылып, анын кесепетинен өзү жана 5 жаштагы кызы жаракат алганы маалымдалган. Ысык-Көл облусунун Түп райондук ооруканасынан кырсык тууралуу маалымат беришкен. 24-январда ырчыга шашылыш операция, 25-январда 5 жаштагы кызына операция жасалган.

Кийинчерээк, ырчынын улуу кызы Айымага да операция жасалары күтүлүп жатканы белгилүү болгон.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(8)
06.02.2021. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Аллахым шыпаасын берсин
06.02.2021. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Анжелика Тенирим колдоп сени, жакшы болуп кет. Дайыма ушундай сулуу, жакшынакай, келбеттуу болуп журо бер. Жузундон ачык, жылдыздуу нурларын кетпесин. Чокпо, тескерсинче чыйрал. Жамандыкты коруп, жакшылыка уйронобуз. Тенирим сени колдосун
06.02.2021. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
dkrf,Тениринер менен бактылуу болгула
06.02.2021. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Анжелика аман-эсен айыгып, бактылуу бол кыздарың менен!
06.02.2021. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эртереек сакайып кеткиле Аллах шыпаасын берсин оомииин
06.02.2021. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Жараткан Тенирим ден соолук берсин
06.02.2021. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Балдак менен селфи кылбай эле журуп турбайсынбы баардык жогунду элге коргозо бербей
07.02.2021. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Койгулачы ооруп жаткан адамды. Жакшы болуп брльницадан чыксын, анан жаза бересинер. Ошондо көрөм силерсиз эле Анжелика эшикти аттап чыккандан тарта өзү баштайт, силер успеть этпей каласынар жазганга. Уйрөнгөн адат калабы уйга жүгөн салабы. Кой деген эч кимиси жок турбайбы, кыздарын да ошого үйрөтөт да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: