Жакынкы күндөрү өлкөгө 5 көчмө клиника алып келинет



Жакынкы күндөрү Кыргыз өлкөсүнө 5 көчмө клиника алып келинет. Көчмө клиникалардын базасында заманбап медициналык шаймандар менен жабдылган диагностикалык бөлүм бар. Клиникалар Түркияда өндүрүлгөнүн Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинен кабарлашты.
Белгилүү болгондой, көчмө клиникалар өкмөт менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы келишимдин негизинде даярдалган.
"Көчмө клиникалардын базасында компьютердик томография, УЗИ аппараттары, маммография, рентген аппараты, гастроскоп, колоноскоп, офтальмоскоп, риноскоп, эхокардиография сыяктуу заманбап медициналык жабдыктары бар диагностикалык бөлүм, биохимиялык жана башка анализдер үчүн лабораториялык жабдуулар, ошондой эле офтальмологиялык операциялар боюнча операциялык бөлүм бар".
Мындай клиникаларды өндүрүүчү Норвегиянын "NORMECA AS" компаниясы, ал эми көчмө клиникалар Түркиядагы "Optima Technic" заводунда чыгарылат. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
AdylbekB84

06.02.2021. 22:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы Баткенге бирди жөнөткүлөчү эл кыйналды анализди дагы Бишкеке жиберип! Врачтар жетишпейт, область боюунча кожный врач жок экен, дерматолог! Больница эле аты бар, көп аппарат үчүн Ошко же Бишкеке каттай берип кыйналды эл!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.