super.kg logo

Сингапурда коронавируска каршы эмдөө алган медицина кызматкерине жаңылыштык менен вакцинанын 5 дозасы салынган

 

Сингапурда Улуттук офтальмологиялык борбордун кызматкерине жаңылыштык менен беш эселенген коронавируска каршы вакцина салынды. Дүйнөлүк басылмалардын маалыматына ылайык, окуя 14-январда болгон.

Маалыматта айтылгандай, вакцинаны даярдап, суюлтуу жүргүзүлүп жатканда жооптуу кызматкер басып кеткен. Ал эми башка кызматкер ампулада суюлтулбаган дозаны колдонууга даяр доза деп ката кетирген. Суюлтулбаган вакцина колдонулганын дарыгерлер эмдөөдөн бир нече мүнөттөн кийин билишкен. Эмдөө алган жарандын абалы текшерилип, вакцинанын терс таасирлери жана реакциясы жок экени белгилүү болду. Эмдөө алган медицина кызматкери эки күн ооруканада жатып, абалы канааттандырарлык болгондон кийин чыгарылган.

Сингапурда коронавируска каршы эмдөө өткөн жылдын 30-декабрында башталып, биринчилерден болуп медицина кызматкерлери Pfizer жана BioNTech вакцинасын алып башташкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
07.02.2021. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондо не болду? Ала.берсе боло берет экенби, зыяны жок дегендей. Балким кийин билинеттир, секин секин.
07.02.2021. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вакцина салынды дегенди кандай тушунобуз?
08.02.2021. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mister-XXX,
Укол берилди деп
07.02.2021. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч түшүнгөн жокмун чынында))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: