super.kg logo

"Кыздар чуркап баратып томолонуп кетип жатышты". Ырчы Семанын "Кызганба" клибинин баяны

 

SUPER.KG cайтынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү ыр, клиптерди сунуштап баяндоону улантабыз. Бул жолу ырчы Семанын "Кызганба" клиби тууралуу баяндайбыз.

Клипке кыздарды тандоо үчүн кастинг жарыяланып, 277 кыз өткөн. Жалпысынан алганда, клипке 200 кыз катышты, алардын ичинен 30 кыз негизги каармандын ролун ойногон.

"Клип тартууда кызыктуу учурлар көп болгон. Кыздар чуркап баратып томолонуп кетип жатышты. Бир кыз чуркап баратып жыгылып кетип, шымы жыртылып, мен ал кызга шым сатып бермей болгом. Бизди бири-биринен кызганып урушуп кеткендер же бири-бири менен таанышып, дос болуп калгандары да болбой койгон жок. Кыздар күнүгө эртең менен саат 9да кечикпей жумушка келген сыяктуу келип калышчу.

Көп киши менен клип тартуу аябай эле жоопкерчиликти талап кылат экен. Кыздарды тартыла турган жерге ташыган аябай кыйынга турду. Кыйналганда экинчи клип тарткым келбей калган. Көрүү­чү­лөрдөн жакшы пикирлерди уккандан кийин эмгегибиз текке кетпептир деп ойлоп калдым. Режиссёрлор “сенин клибиңден көрө бир кино тарткан оңой болчу” деп айтышкан", - дейт ырчы.

Семанын "Кызганба" клибин көрүү үчүн шилтеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: