Өмүрбек Текебаев: "9-октябрда парламент "Кумтөр" боюнча саясий чечим кабыл алат"
9-октябрда парламент "Кумтөр" боюнча саясий чечим кабыл алат. Муну ЖКнын депутаты Өмүрбек Текебаев билдирди. "7-октябрдагы Караколдо өткөн митингде коюлган негизги талап - "Кумтөр" боюнча тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүү болду. Бирок бул жакшы ниетти пайдаланып, жеке кызыкчылыктарын ишке ашыргысы келген саясий топтор болушу мүмкүн. Ошондуктан бийлик өкүлү барымтага алынып, мыйзамсыз аракеттер болду", - деди Текебаев. Ал кошумчалагандай, баш аламандыкка күнөөлүүлөр жазаланышы зарыл. Ал эми өкмөт менен парламент "Кумтөр" маселесин тез чечүүгө аракет кылышы керек.
Автор: Жылдыз Жускембаева
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

