Маалыматка ылайык, 15-мартта Сухе-Батор көчөсүндө Каралаев көчөсүнөн Шабдан баатыр көчөсүнө чейин жана Ташкент көчөсүндө Турусбеков көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин оңдоо иштери калыбына келтирилет.
Ошондой эле жолдорду оңдоо-калыбына келтирүү иштери төмөнкү көчөлөрдө жүргүзүлөт:
- Каркыра көчөсү Гагарин көчөсүнөн Ак-Ордо конушунун Ак-Ордо көчөсүнө чейин;
- Жайыл баатыр көчөсү Чортеков көчөсүнөн Арча-Бешик конушунун Алыкулов көчөсүнө чейин;
- Айбийке көчөсү Гагарин көчөсүнөн Ак-Ордо конушунун темир жол өтмөгүнө чейин;
- Өмүр көчөсү Т.Фрунзе көчөсүнөн Ашар көчөсүнө чейин;
- Жунусалиев көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Арча-Бешик конушунун Масалиев көчөсүнө чейин;
- Стадион көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Ынтымак конушунун Магистрал көчөсүнө чейин;
- Көкчөтай көчөсү М.Ганди көчөсүнөн Т.Молдо көчөсүнө чейин;
- Новая көчөсү Ленская көчөсүнөн - Жеңиш конушунун Жеңиш көчөсүнө чейин;
- Койбагаров көчөсү Ж.Пудовкин көчөсүнөн Каралаев көчөсүнө чейин;
- Санкт-Петербург көчөсү Т.Молдо көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейин;
- Будённый көчөсү Чүй кең көчөсүнөн Жибек Жолу көчөсүнө чейин;
- Огонбаев көчөсү Ибраимов көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейин.
"Жумуш расмий түрдө 2020-жылы күз мезгилинде башталган. Андан бери бардык даярдык иштери жүргүзүлүп, көчөлөрдүн жалпы санынын ичинен артыкчылыктуу көчөлөр аныкталды (60). Быйыл 43 көчө, 2022-жылы - 17 көчөнү оңдоо иштери жүргүзүлөт", - деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү долбоорунун экинчи этабы эки жылга эсептелген. Бул убакыт аралыгында 5 көпүрөнү куруу жана жалпы узундугу 70 чакырымдан ашык 60 көчөнү оңдоо пландалууда.