СУПЕРСТАН: "Жигит кылбай койсоң кутуласың. Сүйүү никеден кийин". Жигитимдин ичкенин кантип калтырам?
SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жигитимдин ичкенин кантип калтырам?" деген тема талкууга алынган.
Автордон: "Жигитим экөөбүз сүйлөшкөнүбүзгө бир жылга жакындап калды. Ал кээде ичет. Бирок бул аралыкта ичкенин көргөн жокмун. Көрсөткөн жок. Сүйлөшкөнгө чейин дос болчубуз анда деле көргөн эмесмин. Жакын дос балдары айтат ичкенин. Ичип алса ар кимге асыла берет экен. Тамеки чекпейм дечү, жакында насвай чеге тургандыгын билип калдым. Мунун айынан экөөбүз уруштук. Ташта десем макул деген. Бирок "каалоом жок болуп жатат ичимде" деп эле жүрөт. Мен да кыйнала баштадым, эртеңки күндү ойлоп эле. Аны сүйөм, жардам бергим келет. Бирок кантип деген ой башымдан кетпейт. Эмне кылсам? Кантип жардам бере алам? Кеңеш бериңиздер".
Пикирлер: "Сүйлөшпөгүлө, арам нерселерди ичсе, жесе. Азыр ушундай болсо кийин каяка бармак эле. Сизди сыйлаганга турмушка чыгыңыз";
"Жигит кылбай койсоң кутуласың. Сүйүү никеден кийин";
"Башыңа балээ үйүп эмне кыласың эмитен. Ичкен кишиге 100 пайыз кепилдик жок. Эрки күчтүүлөр эле биротоло таштабаса, бир туруп имам болуп, бир туруп "иван" болгондорду, тойдо ич десе "жок" деп, сыртка чыгып "ал" десе алып ийгендер толтура";
"Тий жигитиңе, бардык эркек аялга бара-бара баш иет, алдап-соолап акыры таштатасың жаман адатын";
Талкууга кошулуу үчүн бул жерди басыңыз.
кошулду



1 |