super.kg logo

Москва РИИБинин тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды

 

ИИМ кызматкери пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 7-февралда Чүй облусунан акча каражатын алып жаткан учурда Москва РИИБинин өзгөчө иштер боюнча улук тергөөчүсү Ж.Э.А. кармалган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 326-берене "Пара талап кылуу" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган адам сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгаруу үчүн жарандан акча каражатын талап кылгандыгы аныкталды. Кармалган кызматкердин кызматтык бөлмөсүн тинтүүнүн жыйынтыгында мурун пара катары алынган каражаттын бир бөлүгү табылып алынды. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.02.2021. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
И Ж К М Л Н Дегендердин толук аты жону олуп калганбы жаштайынан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: