"Ысык-Көл" мейманканасы шаардык мэриянын карамагына өтүшү мүмкүн
Бүгүн, 8-февралда "Ысык-Көл" мейманканасын шаардык мэриянын карамагына өткөрүү маселеси каралды. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңештин жыйынында мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.
Анын айтымына караганда, аталган мейманкана мыйзамда жергиликтүү башкаруу бийлигине караганы көрсөтүлгөн, бирок кайсы кызматка тийиштүү экенин мыйзам тактаган эмес.
"Ысык-Көл" мейманканасы 2005-жылы эле талкаланып калган. Күндөн-күнгө талкаланып отуруп, азыр такыр жок болуу коркунучунда турат.
Өкмөт, президенттик ишти башкаруу бөлүмү бизден ушул инвестицияны тартуу максатында "Ысык-Көл" мейманканасын тарыхый-маданий макамын алып коюу боюнча суранып жатат. Аталган мейманкананы мэрияга берип коюуңуздарды суранам", - деди Балбак Түлөбаев.
Бул долбоор шаардык кеңештин жыйынында бир добуштан кабыл алынды.

