super.kg logo

"Орусияга учууга жардам берем деп жасалма медициналык маалымкат саткан". Каржы полициясынын мурдагы кызматкери кармалды

 
Орусиянын аймагына кетүүчү жүргүнчүлөргө дарылоо мекемелеринен жасалма медициналык маалымкат саткан факты аныкталды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ИИМге Орусиянын аймагына учуп кетүү үчүн жарандарга аталган өлкөнүн дарылоо мекемелеринин жасалма медициналык маалымкат берген деген билдирүү келип түшкөн.
"Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган фактыга шектелип, Каржы полициясынын мурдагы кызматкери, “Беш-Сары” соода борборунда жайгашкан “Тумар” жеке авиакассасында иштеп жүргөн Ж.А. кармалды. Андан медициналык мекемелердин жана дарыгерлердин, анын ичинде Москва шаарынын дарылоо мекемелеринин бир нече жасалма мөөрлөрү, штамптары табылып алынган.
Шектүү Ж.А. жабырлануучуларды алдап, кандайдыр бир документтерди сунуштап, Орусияга учууга жардам бере тургандыгын айткан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 359-берене "Документтерди жасалмалоо" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Андан сырткары, тергөөнүн жүрүшүндө ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматына жаран Т.Н. кайрылып, 46 миң 50 сомго “Бишкек-Москва” каттамы боюнча билет жана жасалма медициналык тактама сатып алгандыгын билдирген. Учурда тергөө амалдары уланууда", - деп жазылат маалыматта.
ИИМ шектүүнүн мыйзамсыз аракеттеринен жабыр тарткан жарандарды төмөнкү номерлерге кайрылууну суранат: 0312 35-12-70, 0701 35-12-70, 0708 00-36-19;





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
08.02.2021. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ит экен Ит арам акча менен бала чака ата эненди бактын сендей иттин айынан аларда арам тамак жеп калышты
08.02.2021. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Олуп кеткиле, ушул аффиристер менен уурулар тажжатты.
08.02.2021. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сакалын ортонгур, москвага элдер жыргаганынан келбейт ошону да ойлонуп койдунбу ит аран аран акча табышып келишип атат Сен акмактын кылган ишини кара
08.02.2021. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элди алдап тапкан акчаң аш болбойт Арам бир күн болбосо бир күн тешип чыгат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: