super.kg logo

"Нааразы болгондор ыраазы болуп тарашты". Шаардык мэриянын алдында митинг болуп өттү

 

Бишкек шаардык мэриясынын алдында Аламүдүн районунун тургундары Балбак Түлөбаевге каршы митингге чыгышты.

Анда алар Көк-Жар айылында жерлерди тартып алат дегенге нааразычылык билдирип чыгышкан.

"Бизди жерди басып алды деп жатышат. Бул туура эмес, биздин өзүбүздүн жерибиз бар. Документтерибиз дагы колубузда. Жыл сайын салык төлөйбүз. Өзүбүздүн жерге ээ боло албагандай биз эмне Кытайдан келдик беле?", - дешти нааразы болгон тараптар.

Митингге катышкандардын беш өкүлү мэриянын имаратына кирип, Балбак Түлөбаев менен жолугуп чыгышты.

л жерди аферисттер сатып жатыптыр деген маалымат келгендигинен барганбыз. Мен туура эмес түшүнүп алыпмын. Силердин үй-жайды эч ким бузбайт. Тескерисинче, силерге жардам берем. Туура эмес айтып алган сөзүмдү кайтарып алам", - дегенин мэрге жолугуп чыккандар билдиришти.

Жыйынтыгында нааразы болгондор Балбак Түлөбаевге ыраазы болуп тарап кетишти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: