"Дордой" футболдук клубунун катарына Орусиядан 2 футболчу келип кошулду
Александр Бачевский


Александр Бачевский

Кирилл Крестинин
Бишкектик "Дордой" футболдук клубу орусиялык футболчулар Александр Бачевский жанан Кирилл Крестинин менен келишим түздү. Маалыматты аталган клубдун басма сөз кызматынан кабарлашты.
"25 жаштагы Александр Бачевский Беловодск айылында төрөлүп, кийинчерээк Орусиянын Смоленск шаарына үй-бүлөсү менен көчүп кеткен. Ал буга чейин "Красный" футболдук клубунда ойноп келген. Ал клубда 14-номерде ойнойт.
Ал эми 18 жаштагы Кирилл Крестинин буга чейин бишкектик "Илбирс" клубунда ойноп келген. Ал клубда 71-номерде ойнойт", - деп жазылат билдирүүдө.
Клубга жаңы кошулган эки футболчу тең Орусиянын жараны.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.