Жалал-Абадда өспүрүмдү оор жумушка тарткан жаранга айып пул салынды




Жалал-Абадда өспүрүмдү оор жумушка тарткан жаранга 5500 сом айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда Мамэкотехинспекциядан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда жашы жете электерди оор жумушка тартууга тыюу салуу, алдын алуу боюнча рейд өткөрүлдү.
"Соода жайларында, мончолордо, ишканаларда жасалган рейд учурунда эскертме берилди. Бир жаранга өспүрүмдү оор ишке тарткандыгы үчүн 5500 сом айып салынды", - дешти мекемеден.
Иш-чара Мамэкотехинспекциянын Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча региондор аралык башкармалыгынын, Жалал-Абад ШИИБинин, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жана мэриянын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлдү. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.