Кар аралаш жаан жаайт. Эртеңкиге карата аба ырайы
Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча эртең, 9-февралда түнкүсүн жана күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…+4;
Талас жергесинде түнкүсүн 0…-5, күндүз +3…+8;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +9…+14;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…5, күндүз +9…+14;
Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…-6.
Бишкекте 9-февралда түнкүсүн кар аралаш жаан жааса, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз +2…+4.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.