Бишкекте эки күн ичинде 219 айдоочу жол эрежелерин бузган
Бишкекте 2 күн рейд өтүп, 219 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милициянын кайгуул кызматы тарабынан Бишкек шаарында жол транспорт кырсыктарынын алдын алуу, наркотикалык заттар менен же мас абалында унаа башкарган айдоочуларды аныктоо жана башка одоно жол эрежелерин бузган айдоочуларга карата 5-7-февраль күндөрү атайын “Бахус” аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлдү.
Жалпысынан 219 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды, анын ичинен;
1) Унааны айдоочулук күбөлүгү жок айдоо - 18;
2) Унааны мас абалында башкаруу - 3;
3) Унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып айдаган айдоочулар - 6;
4) “Коопсуз шаар” долбоору алкагында орнотулган видео көзөмөлдөр аркылуу төлөнбөгөн айып пулдар - 20.
5) Ар кандай багыттагы жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин бузуу - 172;
6) Жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин бузгандыгы үчүн 48 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди.

