super.kg logo

Президент Садыр Жапаров өзүнүн сүрөтүн кабинеттерге жана административдик имараттарга илбөөнү сунуштайт

 

Президент Садыр Жапаров өзүнүн сүрөтүн кабинеттерге жана административдик имараттарга илбөөнү сунуштайт. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек мамлекет башчысынын сүрөтүн илүү маселеси боюнча комментарий берди.

Ал бардык кабинеттерге, мамлекеттик мекемелердин имараттарына элдин биримдигин жана мамлекеттик бийликти туюнтуу максатында өлкө президентинин портретин илип алганга көнүп калышкандыгын белгиледи.

"Президент Садыр Жапаров "жарандарыбыздын турмушун жакшыртуу жаатында азырынча эч нерсе жасай элекмин" деп эсептейт. Андыктан, ал мамлекеттик бийликтин бардык органдарына анын портретин кабинеттерге жана административдик имараттарга илбөөнү сунуштайт. Президент Садыр Жапаровдун пикиринде, мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөөгө жана Кыргыз мамлекетинин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө баа жеткис салым кошкон Жусуп Абдрахманов, Исхак Раззаков сыяктуу көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлердин сүрөттөрүн илүү максатка ылайык келет", - деди Галина Байтерек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 9 
Комментарийлер(6)
08.02.2021. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Садыр ава мамлекеттик резиденциядан, кортежден, үй кызматчыларынан дагы биринчилерден болуп өзүңүз баш тартсаңыз мынданда соонун болот! 10 000 сомбу, 50 000 сом болсо дагы үнөмдөлмөк мамлекетке!
08.02.2021. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ото туура,келечекке туура кадам таштоо жонокойлук менен башталат
08.02.2021. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жакшы чечим болуптур,мурда президентин сүрөтүнөн да бизнес жасашчу акимчилик аркылуу сатылчуу .
08.02.2021. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Создон ишке отсо болот эле
08.02.2021. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ишти качан баштайт болду экен ааа результат керек бизге
09.02.2021. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Женил пиарлар менен алекпиз азырынча.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: