"Туулган күнүндө урушуп кетишкен". Орусияда ММА чемпионун сүйлөшкөн кызы кружка менен башка чаап өлтүрүп, андан соң өзүнө өзү кол салган
Орусиянын Москва шаарында ММА чемпионун сүйлөшкөн кызы кружка менен башка чаап, андан соң өзүнө өзү кол салган. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, спортчу окуя болгон жерде алган жаракатынан улам көз жумган. Окуя 8-февралга караган түнү болгон. Каза болгон кыз-жигит достору менен кыздын туулган күнүн тосуп отурушкан. Ал ортодо кыз менен бала уруша кеткен. Андан соң кыз баланы кружка менен башка чаап жиберген. Достору спортчуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, кийин көчөдөн кыздын жансыз денесин табышкан. Укук коргоо органдары кыздын өзүнө өзү кол салуусу мүмкүн экендигин айтышкан.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү органдар тарабынан териштирүү иштери жүрүп жаткандыгы айтылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
-4

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.