Жалал-Абад шаарында 2021-жылга карата бюджеттик угуу өттү













Бүгүн, 8-февралда Жалал-Абад шаарынын 2021-жылга карата бюджети коомдук угууда талкууланды. Ага мэр Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Адилбек Жоробаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана калаа тургундары катышкан. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясы маалымдады.
Маалыматка ылайык, коомдук талкууда Жалал-Абад шаарынын 2021-жылга бюджети тууралуу маалымат берилип, бул жылга пландалып жаткан иштердин долбоору тааныштырылган. Анда бюджеттин басымдуу бөлүгү курулуш тармагына бөлүнүп, бир катар ири долбоорлор ишке аша турганы талкууланган.
"Мэр бул багытта өзү кенен маалымат берди. Алсак, Спутник кичи шаарчасындагы Нооруз паркы баштан-аяк оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп, ага 45 миллион сом акча каражаты каралууда. Кыска убакытта муниципалдык унаа базары ишке берилип, бул үчүн 10 миллион сом керектелет. Курулуш маркетинин жанына муниципалдык базар ачылып, борбордук базарды көчүрүү иштери жүрөт. Анын имаратынын үстүн жабууга 15 миллион сом, базар уюштурууга 10 миллион сом жумшалат.
Мындан сырткары Төш-Кутчу айылына 100 орундуу бала бакча курулуп, Некрасов жана Жуматаев көчөлөрүндөгү бала бакчалар капиталдык ремонттон өткөрүлөт. Курманбек стадионуна эки спорт аянтчасы курулуп, №2 мектептин спорт сарайынын курулушу аягына чыгарылат. Ага улай көчөлөргө асфальт басуу, тротуар куруу, жолдорду жамап-жасоо иштери, бир катар мекемелердин имаратын оңдоп түзөөдөн өткөрүү мерчемделген. Быйыл шаардык жол башкармалыгына 14 миллион сомдон ашуун суммага асфальт чыгаруучу завод алынат. Ал саатына 40 тонна асфальт чыгарып, көчөлөргө асфальт басуудагы бир катар көйгөйлөргө чекит коюлат. Ал эми шаарга жаңылык киргизүүчү иштер да жасалат.
Бак-дарактарды, гүлдөрдү тамчылатып сугаруу ыкмасына өтөт. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн машыгуу залын уюштуруу, шаарга келген туристтерге маалымат берүүчү борборду ачуу да негизги пландардын бири. Бюджеттик угууга катышкан шаардыктар долбоорлорду колдоого алуу менен катар өздөрүнүн ой-пикирлерин билдиришти. Шаар башчысына көйгөйлөрү боюнча суроолорду узатып, жеринде жетекчилерге тапшырмалар берилди. Мында көтөрүлгөн сунуштар эске алынып, эми шаардык кеңештин сессиясында каралат", - дешти мекемеден.
