super.kg logo

Издөө салабыз! Сузакта келин 3 баласы менен үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда

 

Жалал-Абад облусунда бир үй-бүлө мүчөлөрү Сузак районунун Жыгач-Коргон айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар Сузак районунун тургуну 1991-жылы туулган Аттокур кызы Канзаада, балдары 2012-жылы туулган Камытова Жаңылай Бакытбековна, 2015-жылы туулган Камытов Исламбек Бакытбекович, 2019-жылы туулган Камытова Бегимай Бакытбековналар 15-январь күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Учурда Аттокур кызы Канзаада жана анын балдарынын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Аттокур кызы Канзааданын белгилери: бою 160-165 сантимтер, өңү кара тору, чачы, кашы, көзү кара, орто дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: үстүндө көк түстөгү шуба, башында көк түстөгү жоолук, кара түстөгү шым, кара түстөгү бут кийим.

Дайынсыз болуп жаткан Аттокур кызы Канзаада жана анын балдары тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз. Байланыш телефону: 102, 03748 5-02-09, 0558 16-16-91, 0778 15-15-91.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: