super.kg logo

Кара-Суу шаарына канализация качан курулары айтылды

 

Буга чейин Ош облусунун Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат шаарларына канализация орнотуу үчүн долбоор бекитилип, ЕБРден каражат бөлүнүп, ал эсепке түшкөндүгү айтылган. Бирок 3 жылдан бери башталбаганы жергиликтүү элдин нааразычылык пикирлерин жаратып келген. Ош облусунун башчысы Жарасул Абдураимов бул маселе боюнча, жыл жыйынтыгын чыгаруу жыйынында жана эл менен жолугушууда элден бир нече жолу кайрылуу келгендигин айтып, Кара-Суу районунун акиминин милдетин аткаруучу К.Адиев баштаган тийиштүү тармак жетекчилери жана эксперттер менен талкуулаган. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, долбоор бүтүп, каражат бөлүнгөн жумуш экология кызматынын уруксаты болбогон үчүн токтоп, ал үчүн банкта кармалып турган каражат үчүн пайыз төлөөгө мажбур болуп жаткандыктары тууралуу айтылган.

"Жарасул Абдураимов Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Ош аймактык башкармалыгына талап койду. "Мындай ири долбоор иштелип жатканда кошо иштеп, жол көрсөтүп, жардам бергиле. Мамлекеттин өнүгүүсү, жарандардын жашоосун жакшыртуу, албетте, жерибиздин экологиясы баарыбызга бирдей керек жана маанилүү. Каражат кетип, убакыт сарпталып, араңдан зорго тапкан каражат кайтып кетсе, түздөн-түз моралдык күнөөкөр болосуңар",- деп билдирди.

Ош облусунун башчысы кайрадан биргелешип иштеп, Кара-Суу шаарынын канализациясы үчүн талаптарга жооп берген жол издеп табуу үчүн бирге иштеп, кайра долбоор сунуштоого 1 ай убакыт берилди", - деди маалымат катчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
08.02.2021. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ жергиликтуу кенешке билими Жогорку Болсун деген создор бар. Мумкун болсо кайсыл адамдар койсо болот. Маалымат берсенер алдын ала чоон рахмат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: