Тоолуу райондордо кар жаайт. 9-февралга карата аба ырайы
Эртең, 9-февралда өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлүп, тоолуу райондордо мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда -2…+3;
Талас облусунда 0…+5;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +9…+14;
Ысык-Көл өрөөнүндө +2…+7;
Нарын жергесинде 0…-5 градус болору күтүлүүдө.
Бишкекте +1…+3; Ош шаарында +11…+13 градус жылуу болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.