super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнөдө сутка ичинде коронавирустан 9 миңден ашык адам каза болду

 

Бүгүн, 9-февралга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 106 миллион 455 миң 846 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 59 миллион 364 миң 980 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 324 миң 794 (+9638) адам илдеттен каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 27 миллион 88 миң 44 болду. 464 миң 845 адам каза болсо, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 10 миллион 838 миң 194 адамдан аныкталды. 155 миң 80 адам каза болсо, 10 миллион 534 миң 505 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 9 миллион 524 миң 640 адам вируска кабылган. 231 миң 534 бейтап көз жумса, 8 миллион 478 миң 818 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: