Чүйдө 16 жана 17 жаштагы өспүрүмдөр 21 күндөн бери дайынсыз болуп изделүүдө



Чүй облусуна караштуу Вознесеновка айылында 16 жана 17 жаштагы эки өспүрүм 19-январдан тарта дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Панфилов райондук ички иштер бөлүмүнө 40 жаштагы К.М. аттуу Вознесеновка айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда арыз ээсинин 2003-жылы туулган Адыл уулу Арген жана 2004-жылы туулган Каримжанов Куаныш аттуу жашы жете элек эки баласы 19-январь күнү болжол менен саат 20:00 чамасында үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келишкен эмес.
Каримжанов Куаныштын белгилери: бою 155-160 сантиметр, арык чырай, чачы кара түстө, көздөрү кара. Кийген кийимдери - башында кара түстөгү топу, кызыл түстөгү күрмө, кара түстөгү спорттук шым, бутунда кара түстөгү бут кийим.
Адыл уулу Аргендин белгилери: бою 155-160 сантиметр, чачы кара. Кийген кийими - баш кийими кара түстө, жашыл түстөгү күрмө, ак түстөгү спорттук шымы, бут кийими кара жана көтөргөн сумкасы бар.
Дайынсыз болуп изделип жаткан балдар тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо маалымат берүүнү милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш номерлери: 0(701) 43-03-19, 0(312) 60-79-89, 0(3137) 51-4-02.

