Москвадагы театралдык окуу жайга абитуриенттерди бюджеттик негизде кабыл алуу башталды. Шарттары

Билдирүүгө ылайык, Орусиянын Москва шаарындагы мамлекеттик академиялык кичи театрынын алдындагы Щепкин атындагы жогорку окуу жайына 2021-2022-окуу жылына карата бюджеттик негизде актёрлук чеберчилик боюнча Драма театрынын жана кинонун актёру адистигине күндүзгү бөлүмгө абитуриенттерди кабыл алуу башталды.
Окуу мөөнөтү 4 жыл. Окуу Орусиянын мамлекеттик бюджетинин эсебинен жүргүзүлөт.
Ал үчүн төмөндөгүдөй тапшырмаларды билүүсү жана аткаруусу зарыл:
- Көркөм прозалык чыгармалардан монолог айтуу (3-7 мүнөт);
- Тамсил (2-5 мүнөт);
- Этюд. Маанилүү окуясы бар кыскача сюжетти үнсүз аткаруу. (2-4 мүнөт);
- Ыр. Поэзиялык чыгармалардан көркөм окуу. (1-3 мүнөт);
- Ыр. Обондуу чыгармалардан ырдоо же бий өнөрү боюнча бийлеп берүү (2-5 мүнөт).
Окуу жайга кабыл алуу 3 турда өткөрүлүп, атайын түзүлгөн комиссиянын курамынын кароосунда тандалат:
1-тур: Кыргыз өлкөсүнүн жети облусунун борбор шаарларындагы театр оюн-зоок мекемелеринин имаратында 2021-жылдын 20-февралына чейин;
2-тур: Бишкек шаарында 2021-жылдын 1-мартына чейин, Бакен Кыдыкеева атындагы Мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында өтөт.
3-тур: Эки тур жыйынтыкталгандан кийин кошумча кабар берилет.
Белгилей кетсек, кошумча маалыматты облустук театрлардан сурап билсе болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
3

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.