"Таланты бар, таанышы жок". Рэп окуган айдоочу интернет колдонуучулардын мактоосуна татыды
Такси кызматында айдоочу болуп эмгектенген жигиттин рэп айтып жаткан видеосу тарап көпчүлүктү кызыктырды. Алгач видеону Твиттердин колдонуучусу Айбек Аскарбеков аттуу жаран өзүнүн баракчасына жүктөгөн.
"Такси чакыртсам бир айдоочу келди. Ал менден рэп жакшы көрөсүзбү деп сурады, мен ооба деп жооп берген соң ал ырдай баштады", - деп билдирүү жазып алдына видеону тиркеген.
Видео аз убакыттын ичинде эле социалдык тармактарга жайылып көпчүлүк интернет колдонуучулар ага мактоо сөздөрүн айтышкан. Ал тургай такси кызматы да бул айдоочунун дайынын сурап, аны табууга кызыкдар экенин жазышкан.
Айдоочу рэпти ошол жактан оюнан чыгарып айтабы же буга чейин өзү жазып анан жаттап алган ырыбы белгисиз.
Реп ырдаган таксист
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
Ale

09.02.2021. 14:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Таззале Ажара гужуго
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.