Бишкекте бир апта ичинде 364 жол эрежелерин бузган чет өлкөлүк номердеги унаалар аныкталды
Бир аптанын ичинде 364 жол эрежелерин бузган чет өлкөлүк номердеги унаалар аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-январдан 4-февралга чейинки аралыгында каттоо нөөмөтү өтүп кеткен, түзүлгөн протоколдор үчүн айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн, ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жана транзиттик номерлүү 364 унаа аныкталды.
"Алардын ичинен 57 Орусияныкы, 8 Арменияныкы, 9 Азербайжандыкы, 270 транзиттик номерлер, 20 жана башка чет өлкөлүк номерлүү унаалар. Булардын баарына бузуулар тууралуу беренелеринин негизинде тиешелүү протоколдор толтурулду. Анын ичинен 12 чет өлкөлүк унаалар ар кандай багытта жол эрежелерин бузгандыгы үчүн убактылуу токтотуучу короо жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.
