super.kg logo

Жалал-Абадда өткөн жылы 28 миң 921 ымыркай төрөлгөн

 

Жалал-Абад облусунун саламаттыкты сактоо тармагынын жыл жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу аталган облустагы өкмөттүн өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, иш-чарага облус башчысы Абсаттар Сыргабаев жана тармактын кызматкерлери катышты.

Анда бүгүнкү күнгө чейин коронавирус илдетине кабылгандардын жалпы саны 9 миң 743тү түзүп, оорудан 168 жаран көз жумганы айтылды. Кызыл аймакта иштеп илдет жуккан 2 дарыгер жана 1 медайым каза болгон. Алардын үй-бүлөлөрүнө буга чейин мамлекет тарабынан 1 миллион сомдон кенемте берилген. Илдет жугузган 234 дарыгердин тийиштүү документтери жиберилип, 64ү бир жолку чегерилген төлөмдөрдү алышкан.

Өткөн жылы облуста 28 миң 921 ымыркай төрөлгөн. Ал 2019-жылга салыштырмалуу 574кө аз. Бир жашка чейинки балдардын өлүмү 11,3 пайызга кыскарган. Бул аралыкта төрөттөн көз жумган энелердин саны 4кө көбөйгөн. Ал басымдуу Сузак районунда катталган.

"2020-жыл дарыгерлер үчүн кызматтык милдетин аткаруудагы оор жылдардан болду. Жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтүүдө шарттарды жакшыртууга көңүл буруу керек. Бул багытта донорлор менен иштөөгө да басым жасаңыздар. Ал эми менчик клиникаларда жаралган маселелерди тийиштүү көзөмөлдөө органдарына кайрылуу, энелердин өлүмүн кыскартууда натыйжалуу иш жүргүзүү зарыл", - деди Абсаттар Сыргабаев.

Жыйында көп жылдык эмгеги жана илдет менен күрөшүүдө салым кошкон кызматкерлер сыйланды.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда жалпы 437 медициналык мекеме бар. Аларда 1 миң 658 дарыгер, 6 миң 283 орто медициналык кызматкер эмгектенет. Облустун калкы 1 миллион 226 миңден ашат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: