super.kg logo

"Жооп катары чапкам". Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Эрмек Нургазиев аялга кол көтөргөн окуя боюнча жооп берди

 

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Эрмек Нургазиев аялга кол көтөргөн окуя боюнча жооп берди.

Маалыматка ылайык, буга чейин мэр аялды уруп жиберген видео социалдык тармактарга тарап, коомдук талкуу жараткан. Өз кезегинде Нургазиев аялга кол көтөргөндүгүн тастыктап, өзү биринчи келип жыйында отурган жеринен аны чаап жибергендиктен ага жооп кайтарганын билдирди.

"Бишкекте насыя берген өзүнчө топ бар, эгер төлөө мөөнөтүн бир аз кечиктирсе, үйүн алып коюп, ушул сыяктуу алдамчылык менен алектенишет. Ал аял ушул фирманын юристи болот. Ал биздин үлүшчүлөрдүн жыйыны өтүп жаткан жерге келип, сүйлөшүп жаткан учурда кокусунан мени чаап жиберген. Мен да күтүүсүз жерден ага жооп катары чапкам. Муну телефонуна тартып алышкан экен", - деди Нургазиев.

Андан сырткары ал аял милицияга арыз менен кайрылган, бирок күбөлөр аял биринчи урганын тастыктап беришкенден кийин, иш жабылганын билдирди. Иш токтотулгандыгына карабастан ал даттанып келе жатат дейт ал.

Журналисттердин "эгер мэрияга дагы бир адам ачуусу менен келсе жинденип кайра дагы чаап жибербейсизби?" деген суроосуна окуя өзү үчүн күтүүсүз болгонун, мындай көрүнүш кайра кайталанбайт деп убадалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
09.02.2021. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Балбак кетпеш керек эледа. Бул иштей албайтко.
09.02.2021. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аял кишиге кол которгон эркек адам эмес мен учун лично!!!
09.02.2021. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аял кишини чапкан болсоң сени тез эле чабышат капа болбо .
09.02.2021. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Jelezo,чааптыр уже
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: