"Пландарымды президентке айттым". Бишкекке башчы болуп келген Эрмек Нургазиевден алдыдагы пландарын сурашты
Бүгүн, 9-февралда Бишкек шаардык мэринин милдетин аткаруучу Эрмек Нургазиев маалымат жыйын берди.
Анда журналисттер тарабынан "Кызматка киришип жаткандагы биринчи планыңыз кандай болот? Акыркы убакта көкөйгө тийген кара түтүн маселесин кантип чечесиз?" деген суроо узатылды.
"Пландарымды президентке айттым. Жаран катары ишке ашыргым келген көптөгөн долбоорлорду карап жатам. Албетте, кээ бир жерлерде системдүү көйгөйлөр бар. Аларды чечкенге менин күчүм, эрким жетет деп ишенем. Аткарган иштерим шаар тургундарынын көйгөйлөрүн чечүүгө багытталат.
Кара түтүн көйгөйү мени дагы түйшөлтүп жатат. Бул көйгөйдү чечүүдө бир канча механизмдер бар. Бирок дароо алар тууралуу айта албайм. Тийиштүү адистер менен кеңешип көрүшүм керек. Андан соң сиздерге айтып берем", - деди Эрмек Нургазиев.
Эске салсак, бүгүн Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Эрмек Нургазиев эмгек жамаатка тааныштырылды.
0
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео
















