Эрмек Нургазиевге үч кылмыш иши козголду беле? Анын жообу
Бүгүн, 9-февралда жаңы дайындалган Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Эрмек Нургазиев кызматка киришип жатып алгачкы маалымат жыйынын берди.
Анда журналисттер тарабынан "Сизге үч кылмыш иши козголгону боюнча айтылууда. Алар кайсы иштер эле?" деген суроо берилди.
"Эч кандай кылмыш иши козголгон эмес. Сотко чейин өндүрүш иши болгон. Бул жогоруда айтып өткөн юрист айым менен болгон конфликтке байланыштуу иш болчу. Ал бардык инстанцияда арызданган. Бул анын укугу. Биздин окуянын уландысы болчу. Болгону ушул", - деп жооп берди Эрмек Нургазиев.
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Эрмек Нургазиев аялга кол көтөргөн окуя боюнча жооп берген.
Эске салсак, бүгүн Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Эрмек Нургазиев эмгек жамаатка тааныштырылды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















