super.kg logo
  Саясат  

Талас. Теңтушуна бычак сайган жигит камакка алынды

 

Талас ОИИБинин басма сөз кызматынын ага инспектору Максат Абдысеитов денесине оор жаракат келтирүү боюнча кылмыштын бети изи сууй электе ачылгандыгын кабарлады. Окуя 2-декабрь күнү Талас шаарындагы “Бакыт” чайканасы жайгашкан жерде болгон. 1992-жылы туулган Каныбек уулу Самарбекти саат түнкү 1:00 чамасында бейтааныш адам бычак менен сайып кеткен. Талас ОИИБинин кызматкерлеринин ыкчам иш алып барууларынын негизинде жогорудагы кылмышты жасагандыгы аныкталып, Талас шаарынын 1992-жылы туулган тургуну Эмилбек уулу Мелис кармалды. Жабырлануучу дарыланып жатат. Ал эми Эмилбек уулу Мелис камакка алынып, бул факты боюнча иликтөө жүрүүдө. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: