super.kg logo

Кыргыз Тышкы иштер министрлиги Садыр Жапаров Орусиянын президенти менен эмне сүйлөшө турганы жөнүндө айтып берди

 

8-февралда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусиянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

​Маалыматка ылайык, жолугушуунун алкагында тараптар эки мамлекеттин жогорку жетекчилигинин катышуусу менен өтө турган келе жаткан эң жогорку деңгээлдеги иш чаралардын сапаттуу жана мазмундуу иштеп чыгуусун талкуулашты. Кыргыз-Орус эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери жана алардын ичинде COVID-19 пандемиясынын терс кесепеттерин жеңип чыгуу маселеси, эл аралык уюмдар жана региондук бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүү боюнча ой пикирлер менен алмашышты.

​Руслан Казакбаев Кыргыз тарабы келе жаткан Кыргыз мамлекетинин башчысынын Орусияга иш сапарына чоң маани бергендигин билдирди. Анын айтымында, аталган иш сапар Кыргыз-Орус кызматташтыгына кошумча импульс берет жана стратегиялык өнөктөштүк рухундагы өз ара түшүнүшүү жана ишеним атмосферасындагы мындан аркы эффективдүү саясий өз ара аракеттенүүнүн негиздерин салууга мүмкүнчүлүк берет.

Орусиянын элчиси Кыргыз-Орус эки тараптуу мамилелеринин күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча предметтик диалогун өткөрүүгө Орусия тараптын даярдыгын билдирди жана расмий Москванын кыргыз тарабы менен белгиленген бардык маселелер боюнча маалымдай турганын билдирди.

​Мындан тышкары, тараптар бардык пландаштырылган иш-чараларды карап чыгууга, эки өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын турукташкандыгын эске алуу менен Кыргыз-Орус кызматташтыгынын жалпы комплексин мындан ары интенсификациясына үмүттөрүн билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: