Ошто патрулдук милициянын унаасы кырсыкка кабылып, айдоочу жана жүргүнчүлөр жаракат алышты
Ош шаарында эки унаа сүзүшүп, айдоочу жана жүргүнчүлөр жаракат алышты. Бул тууралуу Ош ШИИБи боюнча Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Жол кырсыгы 9-февралга караган түнү саат 01:20 чамасында Ош шаарында болгон. Анда Лада-Гранта үлгүсүндөгү унаа Раззаков көчөсү аркылуу түндүктөн-түштүктү көздөй бара жатып 28 жаштагы айдоочунун башкаруусунда Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшүп, жол кырсыгына учураган.
Натыйжада Лада-Гранта унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү, ошондой эле Хонда-Фиттеги жүргүнчү денелеринен жаракат алышкан. Унаалар айып короосуна токтотулуп, жол кырсыгы тууралуу иш кагаздар чогултулуп, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Jacob.

09.02.2021. 15:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ПМ автоунаасы Бишкекте дтп болсо “Бишкекте ПМ унаасы дтпга учурады” деп жазып чыгышты. Оштогу ПМ унаасы жон эле машина экен да...
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.